ICWEET-26 суу, энергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо технологиялары боюнча эл аралык конференциясы (ICWEET-26) 2026-жылдын 30-31-майында Бишкекте өтөт. Иш-чара суу менен камсыздоо, энергетика, экологиялык чечимдер жана инженердик инфраструктура жаатында заманбап технологияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.

ICWEET-26 пленардык жана секциялык сессияларды, ошондой эле инновациялык иштеп чыгуулардын көргөзмөсүн камтыйт. Катышуучулар тармактын акыркы жетишкендиктери менен таанышып, тажрыйба алмашып, туруктуу өнүгүүдөгү, кайра жаралуучу энергия булактарын ишке ашыруудагы жана заманбап инженердик чечимдердеги актуалдуу маселелерди талкуулай алышат.

Энергетика, суу менен камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо илими боюнча адистер, инженерлер, окумуштуулар, өкмөт өкүлдөрү жана бизнес өкүлдөрү катышууга чакырылат. Жеке жана онлайн катышууга болот. Конференциянын жумушчу тили – англис тили.

Программа, катышуу жана каттоо шарттары тууралуу толук маалымат иш-чаранын расмий веб-сайтында жеткиликтүү.

 

Маалымат булактары: https://iser.org.in/conf/index.php?id=101045965

https://conferencenext.com/conferences/bishkek/engineering-and-technology